Бүгүн, 8-сентябрда Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын берип, элчилик кызматтан кетишине чындыкты айтканын байланыштырды. Ал белгилегендей, Кумтөр боюнча чындыкты ачыкка чыгарганы үчүн бийлик саясий куугунтук кылып кызматтан кетирген. Бирок Тышкы иштер министрлиги Бекназаровдун кызматтан кетишинин себеби катары "кызматтык милдетин аткара албаганын" белгилеген.
Жарандык активист Шамурза Борукулов бул боюнча пикирин төмөнкүдөй билдирди:
- Одоно айтканда Бекназаров өзүнүн акмак адам экенин далилдеп салды. Анын эки жүздүү саясатчы экенин билбеген адам жок болуш керек. Эгер өлкөдө акыйкат бар болсо, мыйзамдар туура иштесе, анда Бекназаров, Текебаевдер элчи болуп эмес, түрмөдө отуруулары керек эле. Бекназаров окшогондордон өлкөгө кандай пайда болушу мүмкүн, жашы бир топко барып мээсиндеги нерв системалары чарчап бүткөн болсо. Жаш убагында эмне керемет көрсөттү, эми "төрүнөн көрү жакын" болуп көрүнүп түрганда кайсыл ишти жыргатмак.
Ал эми "Атамбаев баатыр" сөзү боюнча айтсам, бир болсо Бекназаров жинди болгонго аз калган окшойт? Башын тийиштүү врачтарга бир көрсөтүш керек. Андай болбогон күндө, анда кызматтан кеткендигине байланыштуу топтолуп калган ич күптүсү, кара ниет адаты, аттын башындай болгон арманы. Кудай уруп дени-карды соо адам ошол 2010-жылдагы согушту баштаган Атамбаев баатыр деп айтабы? Дагы бир үчүнчү жагы бар: мүмкүн Атамбаевден оозу-мурдуна батканча акча алгандыр? Себеби, Текебаев, Бекназаров, Сариев, Мадумаровдор шайлоодон, ар кандай бийлик кызматтарын соодалашуудан акча кылышат деген имиштерди угуп эле жүргөнбүз. Кандай болгондо да аябай жийиркеничтүү картайыптыр. Үйүнө барып, өз үйү, өлөң төшөгүндө тынч жатса болмок, неберелерин жетелеп...
Айткандай, 2010-жылы тополоңдо Нарындан түндөп алып качып келишкен бир сумка акчаны Шыкмаматов экөө ордуна коюп койсун. Акчаны көргөн эже тирүү, Кудай буюрса. Ал эми Ташиевдин Эл баатырын көрө албай жатса, ичи күйүп өрттөнүп кетсин. Муну бульдозер дешип пайдалуу ат коюшуп алышыптыр. Бульдозер эмес, күн карама экен. Ушул деп балдар өлүп кетишти эле, аттиң.