Бул азырынча белгисиз. Бирок казак парламентиндеги “Жаңы Казакстан” депутаттык тобунун мүчөлөрү Казакстандын борборун кайрадан эски аталышы менен атоо зарылдыгын айтышып, маселе көтөрүштү. Алардын айтымдарында, адамдын көзү тирүүсүндө анын ысымы менен шаарды атоо туура эмес.

“Көзү тирүү адамдын ысымын шаарга берүү туура эмес деп эсептейбиз, анын үстүнө эл жаңы аталышты кабыл алган жок. Ошондуктан борбор калаага тарыхый Астана деген аталышын  кайрадан берүү керек. Ал биринчи президент тарабынан сунуш кылынган аталыш”,- дешти депутаттар.

Бул сунушту Мажилистин көпчүлүк депутаттары колдоого алышабы, жокпу белгисиз. Мындай сунушка аракеттеги президент Касым-Жомарт Токаев эмне дейт? Таасири азайып, тили кыскарып калган мурдагы президент Н.Назарбаевдин пикири кандай? Ал өзүнүн ысымы менен аталган Нур-Султан аталышты сактап калабы? Буга  алдыдагы мөөнөтсүз президенттин шайлоодон кийин жооп  алсак керек.

Булак: "Майдан. kg" гезити