Парламент жыйынында 90 депутаттын 60 чактысы гана катышууда. Учурда алар саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Батырованын талапкерлигин бекитишти. Маселе түшкө чейинки убакта башталган, түштөн кийин кайра уланды. Бирок түшкү дем алуудан соң жыйындар залына бардык эле депутаттар кайтып келишпеди.
Гүлнара Батырованын талапкерлиги боюнча 69 депутат макул болуп, бир депутат каршы чыкты. Бирок залда бул учурда 70 депутат отургандай көрүнбөйт. Кыязы, кайрадан көнгөн адаттарын баштап, бири бири үчүн добуш беришти окшойт.