Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагасы болгон тартып атайын кызматта аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди:

- Кыргыз элинин ар бир чыныгы атуулу үчүн эгемендик – эң башкы байлык, эң башкы бакыт! Ал эми Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү сакталганда, мамлекеттик коопсуздугу толук камсыз болгондо, тынчтык өкүм сүрөт, элибиз бейпил турмушта жашайт. Ошондуктан, кайсы гана өлкө болбосун, улуттук коопсуздук органы – мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн камсыз кыла турган маанилүү кызмат. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, ал өзүнө тагылган милдеттерин так аткарып, элибиздин келечекке болгон ишенимин арттырып келет.

Ушу тапта дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азия аймагында кырдаал тез-тез өзгөрүп, жаңы чакырыктар менен коркунучтар пайда болууда. Мындай жагдай биздин коопсуздук органдарынан ыкчам, ошого жараша жаңы ыкмалар менен иштөөнү талап кылат. Ошондон улам атайын кызмат адамдарынын билимин, тажрыйбасын, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Ошону менен бирге, алардын өз милдеттерин кынтыксыз аткаруусу үчүн шарт түзүү зарыл.

Мен билгенден, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетине жетекчи болуп келгени, кызмат адамдарына жагымдуу шарт түзүү, материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, алардын социалдык камсыздандыруу маселелерин чечүү жаатында бир топ аракеттер жасалды. Маселен, өлкө аймагындагы коопсуздук органдары үчүн 50 жаңы имарат салынды, 100 автомашина алынды, кызматтык техникалык жабдуулар жаңыртылды. Ал эми кызматкерлердин үй-бүлөлөрү үчүн 306 батирлүү турак жай салууга бюджеттен 522 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Мунун баары маселенин өз маалында туура коюлганынан, коопсуздук органдарына, анын кызматкерине карата жаӊы мамилени, заманбап билимди, чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал, ары катаал милдеттер жүктөлүп, өзгөчө суроо-талаптар коюлуу менен бирге, чоң ишеним артылып жатканынан кабар берет.