“Театр кийим илгичтен башталгандай” эле, ар бир жеке үйдөн тартып, коомдук мекемелерге чейин ага кирген адамдар эң оболу дааратканасына көңүл бура тургандыгы түшүнүктүү. Керек болсо бул ошол жайдын маданияты да болуп саналат. Бекеринен цивилизациялуу мамлекеттерде дааратканаларга биринчи кезекте көңүл бурулуп, баардык шарттары түзүлбөсө керек.
Тилекке каршы биздин өлкөдө ушул адам баласынын табигый муктаждыгы үчүн жетиштүү шарт түзүүнү мындай кой, айласыз киргенден кийин сасык жытынан чыкканга шашкан дааратканалар өтө көп. Анткени бир чети ар бирибиз дааратканага отуруп-туруунун маданиятын сактабасак, экинчиден эч кандай шарты жок. Эгер эсиңиздерде болсо, Ө.Бабанов премьер-министр болуп турганда өкмөттүк деңгээлде коомдук жайлардагы даараткана маселеси көтөрүлүп, өкмөт Бишкек-Чолпон-Ата жолунун ар бир 50 чакырым аралыгына заманбап даараткана куруу чечимин кабыл алган болчу. Тилекке каршы ишти кагаз менен гана “бүтүргөн” аткаруу бийлигинин бул чеими да кагазда кала берген. Аймактарды мындай коёлу, көздөй болгон борбор шаарыбызда эле коомдук жайларда даараткана жетишсиз же болсо да антисанитариялык абалда. Анан ошого да кирип-чыкканың үчүн кеминде 10 сом төлөйсүң.
Ал эми жакында дааратканага байланыштуу алыскы Баткенден жагымдуу кабар келди. Анткени жергиликтүү жеке ишкер өз каражатына 3 млн. сомдук баардык шарты бар даараткана куруп жатыптыр. Бул эки кабат комплекс дааратканадан тышкары жуунуучу жай, чачтарач, химиялык тазалоо жана башка да кызматтарды көрсөтмөкчү.
Баткен шаарынын мэриясыда бул жаңылыкты тастыктап, “Жаштык” эс алуу багында курулуп жаткан баасы 3 миллион сомдук даараткана жаатында түшүндүрмө жасады.
Маалыматка караганда, аталган сейил бакта курулуп жаткан имарат бир эле даараткана эмес, мындан тышкары санитардык-тиричилик комплекси катары дагы саналат. Бул заманбап комплекс жеке ишкер Максатбек Калматов тарабынан курулууда. Ал эки кабаттуу салынып, мунун ичинде жуунуучу жай, чачтарач, кир жуучу жай, ошондой эле кийимдерди химиялык тазалоочу бөлүктөрү дагы кошо жайгашат. Имараттын биринчи кабатына даараткана кошо салынат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы атайын жай каралган.
Булак: “Майдан. kg” гезити