Медербек Сатыев Президенттин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Сатыев Медербек Асанбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.