Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш аракеттерди улантып жатат. Анын негизинде, 5-сентябрда Бишкек шаарында Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү С.Н.М.ны кармады.
Маалыматка караганда, тергөөчү Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган. Мындан улам КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгүнө (Коррупция) шектелип кармалды. Учурда ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана “БМЗ” ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.