Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, акция “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына кыргыз тилинин кадыр-баркын бекемдөө максатында уюштурулууда.
Президенттин өкүлүн орун басары Эрнис Толтоев аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде билдирип, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.
Бир айлыктын алкагында калктуу конуштардагы көрнөктөр, ураан, чакырыктар, тарбиясы терең накыл сөздөр жана жер-суулардын аталыштары жаңыланып жазылып, иш кагаздарын толук мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүүгө жетишүү, билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларында, маданият мекемелеринде бул багытта түрдүү иш-чараларды, кароо-сынактарды өткөрүү пландалган. Райондордо салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп, бир айлыктын жыйынтыгы ушул жылдын октябрь айында чыгарылат.