Жалал-Абад шаарында бир катар билим берүү мекемелери оңдоодон өткөрүлгөнүн аталган шаардын мэриясы билдирди.

Анда айтылгандай,  2-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Элдос Таев тиешелүү коммисиянын өкүлдөрү менен биргеликте дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн курулуштарды кабыл алды.

№15 “Рябушкина” балдар бакчасынын 1965-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн чатыры, айнек-терезелери жана эшиктери толугу менен пластикке алмаштырылды. Андан сырткары, №9, №16, №11 жана №10 мектептердин терезелери алмаштырылып, сырты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, чатырлары жаңыртылды. Ошондой эле бир катар билим уяларынын короосуна асфальт төшөлдү.

Жалал-Абад шаарындагы социалдык объектилердин оңдоп-түзөө жумуштарына жалпысынан 16 млн сом акча каражаты сарпталган. Анын 70%ы дем берүүчү грант болсо, калган 30%ы жергиликтүү бюджеттен жумшалды.