Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Камчыбек Ташиевдин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын алуусу боюнча пикирин билдирди:

- “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына Болот Шамшиев, Медеткан Шеримкулов, Арстанбек Дүйшеев, Апас Жумагуловдор ээ болушту. Эмне деген залкар адамдар! Убагында Жогорку Кеңешти, өкмөттү башкаргандар. Алардын катарында азыркы өкмөттүн төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин баатыр наамын алышы мен ойлойм, өтө чоң окуя. Албетте, мурдагы эмгектери үчүн же көзү өтүп кеткенден кийин алуу башка, ал башка доор, башка заман эле. Аракеттеги өкмөттүн мүчөсү ушунча чоң даражага, сыйга ээ болуп жатканы менин пикиримде, Кыргызстандын тарыхында чанда кездешчү окуя. Менин баамымда, Камчыбек Ташиев кыйчалыш, опурталдуу күндөрү ар дайым өзүн бийик деңгээлде кармап, мекенчилдигин, улутмандыгын көрсөтүп келет. 2010-жылы кандай эмгек кылганын түштүктүн эле, ошол кайгылуу окуянын катышуучулары жакшы билишет. Акыркы эки жылда дагы ар кандай окуяларга активдүү катышып, улутмандыгын, мекенчилдигин көрсөтүп келет. Генерал.

Бул чоң наамды аванс катары, мындан ары да жакшы ийгиликтерди жаратам деп кабыл алышы керек деп ойлойм. Ошондой эле кабыл алып жатса керек, себеби, Камчыбек Ташиевдин жасагандан жасай элек эмгектери көп. Кыргыз мамлекети азыр дагы оңой абалда эмес. Азыр дагы Ташиевдей эр жүрөк, мекенчил адамдарга муктаж. Мен бир четинен сыймыктануу менен куттуктагым келет, экинчи жагынан мындан ары да баатыр деген атына татыктуу болуп, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн каалайт элем.