26-августта Москвадагы бардык мечиттерде Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктарга багышталып куран окутулат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. 

Анда айтылгандай, каза болгон мекендештерге куран окууну Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Муфтияттын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев сунуштаган. Россиянын Муфтийлер кеңешинин жана Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Равиль Гайнутдин жана Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов тарабынан сунуш жактырылды.

Куран окуу 26-август күнү жума намаздан кийин Москва шаарындагы бардык мечиттерде башталат.