Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев өлкөнүн экс-президенттерин бир катар жеңилдиктерден ажыратууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Депутат бюджеттик каражатты үнөмдүү пайдалануу үчүн ушундай демилгени сунуштаганын белгилейт. 

Негиздемеде “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президентинин статусу жөнүндө” колдонуудагы мыйзамга ылайык, экс-мамлекеттин башчысы өмүр бою толук мамлекеттик коргоо менен камсыз кылынат, ал эми мамлекеттик дачалар да өмүр бою пайдаланууга берилет.

Экс-президент аэропорттордун жана аэровокзалдардын, темир жол вокзалдардын залдарын  расмий адамдар жана делегациялар үчүн залдарды бекер пайдаланууга укуктуу. Ал ошондой эле мамлекеттик органдар үчүн жеткиликтүү болгон мамлекеттик байланыштарды жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалана алат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын экс-президенти пенсия курагына жеткенге чейин мамлекет башчысынын айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө ай сайын өмүр бою жөлөкпул алат. Ал пенсияга чыкканда президенттин айлык маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө алимент алууга укуктуу.

Мыйзам долбооруна ылайык, экс-президенттерди төмөнкү жеңилдиктерден ажыратуу сунушталат: 

- мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою колдонуу;

- мамлекеттик кайтаруунун кызматын бекер колдонуу;

- бүткүл өлкө боюнча мамлекеттик байланыштарды акысыз колдонуу. 

Согласно законопроекту предлагается лишить права экс-президента:

  •  пожизненное пользование одной из государственных дач;
  •  пользоваться услугами госохраны бесплатно;
  •  на бесплатное пользование на территории страны правительственной связью.