Укук коргоочу Назгүл Турдубекова айрым мектептерде ата-энелерди окуучу үчүн форма сатып алууга мажбурлап жатышканын жана форма 8 миң сом тураарын айтып чыккан болчу. 

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы форма сатып алууга ата-энелерди мажбурлаган мектеп директорлоруна кызматтан алууга чейин чара көрүлөрүн эскертти.  

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлигинин талабы боюнча, мектептерге бирдиктүү форма киргизилген. Ал: үстү ак, түбү кара - классикалык өңүттө. Ошондой эле, форма аба ырайы, сабак өткөн жер менен бөлмөнүн температурасына жараша болот.

"Аз камсыз болгон катмардагы ата-энелерди мектеп белгилеген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган үстү ачык, асты кара түстөгү форма менен камсыздаса болот", - деп билдирет Бишкек мэриясы.