Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүнүн орун басары Эрнис Толтоевдун билдиргенине караганда, облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилет. Министрлер Кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомуна жараша ар бир райондон чакан ишкерликти өнүктүрүүгө ынтызар үй-бүлөлөр тандалып алынат.
Учурда айыл өкмөттөрүндө, райондордо комиссиялар түзүлдү. Каалаган үй-бүлөлөр чакан бизнес долбоорлорун даярдап, комиссияларга тапшырууда. Аларды комиссия карап чыгат жана макулдук берген долбоорлорго ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Облустагы жети райондон 50дөн үй-бүлө тандалып алынат.