Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандан барган алты спортчу алтын медалга ээ болушту. Алар: 

1. Акжол Махмудов (77 килограмм);

2. Айпери Медет кызы (77 килограмм);

3. Мээрим Жуманазарова (68 килограмм);

4. Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм);

5. Айсулуу Тыныбекова (63 килограмм);

6. Эрназар Акматалиев (70 килограмм).

Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө 57 өлкөнүн мыкты спортчулары катышкан Ислам тилектештик оюндары эл аралык спорттук иш-чара 2021-жылы пандемиядан улам быйылкыга жылдырылган. .