Блогер Ырыскелди Жекшеналиев 14-августта ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Андан кийин Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 2 суткага камакка алынганы белгилүү болду. Блогер Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору. Жакында бул баракчага УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча 2 жыл мурун билдирген пикири жарыяланган.  Жекшеналиев эски видеону учурдагы кырдаалга ылайыкташтырып, анысы менен коомчулукка дүрбөлөң салууга аракеттенген. 

Акыркы учурда коомчулукта Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча кайчы пикирлер активдеше баштады. Бир даары кенди өлкөнүн бакыбат келечеги үчүн иштетүү зарылдыгын белгилешсе, кээ бирлер каршы болушууда. Алардын аргументи - кен чет өлкөлүк инвесторлордун колуна түшөт. 

Президент Садыр Жапаров бул боюнча пикирин билдирип, Жетим-Тоону иштетүү тууралуу учурда пландар жоктугун, ал боюнча президенттик шайлоо алдында эгер аталган кенди иштетүү колго алынса, сырткы карыздан толук кутулууга мүмкүн экендигин айтканын, бирок аны ишке ашырууга даярдык жоктугун айтты. Мамлекет башчы сырткы карыздар башка булактар аркылуу төлөнүп жатканын жана эгер кен иштетилсе жүз пайыз Кыргызстан өзү иштетээрин белгиледи. 

Жетим-Тоо тууралуу бийликтин эч кандай планы жок кезде, кендин тегерегиндеги талаш-тартыш эмнеге күчөп кетти? Бул Ырыскелди Жекшеналиев сыяктуу блогерлердин "эмгегинин" артынан. Эски видеону монтаждап жарыялоо менен Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу жана коомдук ой пикирди манипуляциялоо максатын карманганы билинип турат.  Абдил Сегизбаев өзү дагы капысынан кайрадан "жылдыз" болуп чыга келгенине таң калып, эски кайрылуу экенин айтып, актанып бүтө албай калды. Ушунун өзү блогерлерди мыйзам чегинде тартипке чакыруу болбосо, алар каалаган күнү каалаган темада коомчулукка жалган маалыматтарды таратуунун булагы боло беришээрин тастыктайт.  

Айрымдар, айрыкча оппозициялык көз караштагылар, кызмат тийбей калгандар же бийликке жеке таарынычы барлар Ырыскелди Жекшеналиевдин камалышын өз максаттарына ылайык пайдаланууга киришти. Алар блогердин жаш курагына басым жасашууда. 19 жаштагы жигитти камоо менен бийлик кадыр-баркын кетирип жатканын белгилешти. 19 жаш адамдын акыл-эсине толук кирип калган кези. Эрезеге жеткен курак. Блогер эски видеону жаңылап, учурдагы пикир катары таратып жатканда жасап жаткан ишинин жоопкерчилигин түшүнсө керек. Жаш курак мыйзамдан калкалап калбайт. Акыл-эске кирип, эрезеге жеткен ар бир жаран мыйзам алдында бирдей. Кылган ишине ушул курагынан жооп берип үйрөнбөсө, мыйзамды тебелеп, өз кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгын аттап өтө турган жаран калыптанат.

Экинчиден, жаш жигиттин артында шыкактап, ар кандай терс пикирлерди жаратууга жол көрсөтүп тургандар жок деп так кесе айтууга болбойт.  Учурда жалган маалымат таратуу боюнча блогерге кылмыш иши козголгону айтылды. Тергөө амалдары балким, 19 жаштагы жигиттин артында кимдер жашынып турганын ачыкка чыгараар.