КР Эл артисти Бек Борбиев Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча пикирин бөлүштү:
- Ата - бабалар ушул жерди "кийин балдарыбыз иштетсин", - деп калтырса керек. Уран иштетип дүйнөдө чоң аброй алган коңшулар деле бар, ага да каршы болушту. Кен казабыз десе эле, саясатташып каршы чыккандарга дегеле түшүнбөйм. Алар эмне өлкөнүн өнүгүүсүн каалабайбы деген ой келет.
Менин жеке пикрим, кендерди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн коркпой иштетүү зарыл. А мамлекетке кандайдыр кыянатчылыктар болсо, анда ал бийликтин абийиринде, бара - бара түбүнө жетет жана жооп берээр кез келет.
Тунук, таза казылган кен - бул өлкөнүн келечеги.