60 жаштагы жана андан жогорку курактагы COVID-19га каршы вакцинанын 1 жана 2-дозасын алган адамдарга 4-6 айдан кийин вакцинанын 3-дозасы сунушталууга тийиш. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка караганда, 60 жаштан өйдө адамдарда эки дозаны алгандан кийин иммунитет жаштарга караганда начар калыптанары белгиленген.
Үчүнчү дозаны алуу кыйла жогорку иммунитетти калыптандырууга жардам берет.
- Категория: Коом
- Просмотров: 101