Мамлекеттин тагдыры менен каалагандай ойноп, Президенттик милдетти элине кызмат кылуу эмес, жеке өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, шопур-жан сакчылардын кланын түзгөн Атамбаевдин тагдыры өзүнүн пейлине жараша аяктады. Ал мөөнөтүн өтөп жатканда кыргыздын далай азаматтарынын саясий карьерасын сындырып, куугунтуктоо менен өткөрдү.
Кеткенден кийин дагы колу канга батып, адам өлтүрүп, мамлекеттин тынчтыгын бузууга аракеттерди жасады. Бир катар оор кылмыштарга айыпталып камалды. Абакта дагы жөн жатпай, соттук отурумдарга келбей, эркелеп, адатынча жиндилик салды.
Эми, Россиялык бир ооруканадан справка жөнөттүрүп, “мени Россия чакырып жатат” деп жакындары аркылуу коомго анткор кайрылуу кылууда. Жылда текшеруудон отушу керек делген диагнозу бар адам анткорлонбой 2019-жылы Москвага барганда эле дарыланууга барып калышы керек эле да, 2020-жылы октябрда эркиндикке чыгаар менен ден соолугу начар адам, аянтка чуркабай, ооруканага чуркап барыш керек эле. Азыр эми кайрадан бет тырмап жатат. Атамбаевдин кылган күнөөлөрү үчүн Кыргызстандын мыйзамы баа берет. Анын кылган аракеттерине россиялык бир оорукана эмес, укук коргоо органдары чара көрөт. Бүгүнкү күндө президент же кайсы бир жогорку бийлик органы өзүм билемдик менен аны дарыланууга жөнөтө албайт.
Мыйзам алдында жарандардын укуктары бирдей, Атамбаев асмандан түшкөн эмес!