29-июлда, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өткөн. Анын негизинде "Кумтөр" алтын кени толугу менен Кыргыз өлкөсүнүн менчигине айланган. Бул боюнча саясат талдоочу Токтогул Какчакеев пикирин билдирди. 

"29-июль "Кумтөр" алтын кенин кайтарып алуу жана экономикалык көз карандысыздык үчүн күрөштүн башталышындагы маанилүү жеңиш күнүнө айланат! "Кумтөрдү" иштетүүнү канадалыктарга өткөрүп берүү тарыхындагы өлкө өнүгүүсүндөгү улуттук кызыкчылыкка чыккынчылык кылуу эпопеясы келечек муунга сабак болуп калышы керек. Мындан "үй-бүлөлүк" кызыкчылык эмнеге алып келээрин көрдүк. Ишмердүүлүктүн бул үзүмү укук таануучулар жана криминалогдор тарабынан иликтенип, улуттук кызыкчылыкка бекем таянган келечек адистерди окутууга курал болушу керек. Эл менен чогуу улуттук байлыкты кайтарып алуу боюнча ийгиликтүү ишке кубанам!" - деген Токтогул Какчакеев. 

Ал ошондой эле, бул ишти аягына жеткирген өлкө жетекчилигине ыраазычылыгын билдирген.