Белгилүү блогер Назира Айтбекова кезектеги өзгөчө оюн соцтармактагы баракчасына жарыялады:

- Биздин динчилдер беш маал намаз оку, анан жамын, сакал өстүр дебей, билим ал, өс, өзүңдү изилде, адамгерчилигиңди бийиктет десе, ээ?

Биздин динчилдер мечит сал дебей, мектеп сал десе!

Биздин динчилдер ушул сүрөөнү жаттап алып, кайра - кайра баланча жолу айтсаң, ишиң жүрөт дей бербей, илимий изилдөөлөрдү жаса, эмгектен, аракет кыл десе, ээ?

Биздин динчилдер өмүрү биз укпаган, көрбөгөн кайдагы араптын адамдарын эмес кыргыздын тарыхын айтып, баатырларыбыздын, тарыхта калган инсандарыбыздын бийик иштерин айтып, адамдарга шыкак берсе, ээ?

Биздин динчилдер араптын дилин салып, тилин жайылтпай, кыргыз үчүн күйүп, өлкөнүн өсүшүн эңсеп, кыргыздын асыл көрөңгөсүн көбүртүп, тамырын жайылтып, кыргыздын тилине басым жасаса, ээ? Сен түшүнбөгөг арап тилин айтып сыйнынгандан көрө чын ыкласың, жүрөгүң менен Кудайга жалын, кечирим сура, тобоо кыл, шүгүр кыл десе, ээ?

Биздин динчилдер тозок менен коркутпай, үч тамгаларын айта бербей, Кудайды, Кудай берген азыркы жашоону жөн гана жүрөгү мн сүйгөндү үйрөтсө, ээ? Кудайды жан дили менен сүйгөн адам ансыз деле кир иштерге дити бармак эместир.

Биздин динчилдер артыңан сая түшүп, эки сүрөө жаттап алып акыл үйрөтүп, мээңди оорутпай эле өздөрү ушундай сонун үлгү болсо..Алардын адамгерчилигине суктанып атып эле ошолордой болгуң келсе, туурасаң.

Биздин динчилдер китептин түрүн окуган, ар тараптуу болгон, бийиктикке жеткен, адамгерчилигин укмуш өстүргөн кыйын адамдар болсо, ээ? "Диниң кайсы?" - десе, "Адамгерчилик, адилеттүүлүк, сүйүү", - деп жооп берсе. Биздин дин адамгерчилик болсо...