13 жаштагы кыздын милиция кызматкерлери тарабынан зордукталуусу боюнча Свердлов райондук ИИБинин жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилди. Бул тууралуу ИИМ министри Улан Ниязбеков журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.
"Укук коргоо кызматынын кызматкерлери ушундай жаман ишке барганы - шермендечилик. Бул жерде отургандардын баарыбыздын карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Иш сотко берилди. Сот чечим кабыл алат. Биз райондук милиция бөлүмүнүн жетекчисинин эки орун басарына сөгүш бердик", - деди министр.
Эске салсак, 13 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлеринин бири Ленин райондук ИИБинин, экинчиси Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери.