Майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки айыпталуучу айыппул төлөө менен абактан чыгарылды. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова соцтармактагы баракчасына жазды.
"Бишкек шаардык соту майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки айыпталуучуга өкүм чыгарды. Алар айыпталуучу болушту. Бирок жоопкерчиликтен кылмыш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу бошотулушту. Айыпталуучулардын ар бири жабырлануучуга моралдык зыян катары 100 миң сомдон төлөмөй болушту. Сот жети жылдан бери жүрүп келген: Сокулук райондук, Чүй райондук, Жогорку жана Бишкек шаардык сотторунда. Соттор бардык далилдер, судмедэкспертизанын корутундусу бардыгына карабай ишти создуктуруп келишкен. Аны атайын кылмышкерлерди жоопкерчиликтен куткаруу үчүн жасашты деп ойлойм", - деп жазды Турдубекова.
Ал эми Бишкек шаардык соту бул иш боюнча кылмыш болгондон бери 9 жыл өткөндүктөн кылмыштын мөөнөтү эскиргендиги үчүн айыпталуучулар айыппул менен гана чектелип калышканын билдирди.