Коомдук ишмер Улукбек Маматаев Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп директорлорун ротациялоо боюнча аракетине пикирин билдирди.
- Министрлик бир ордунда 30 жылдан бери иштеп жаткан директорлор бар экенин айтты. Ротациялоону реформага байланыштырып жатат. Менин жеке оюм боюнча, анын реформага тиешеси жок, тескерисинче, коррупцияга алып келчү кадам. Бир директорду бир мектептен алып, экинчи мектепке дайындагандан өзгөрүү болбойт. "Орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт" деген эле кеп. Реформа жасоо үчүн билим берүү системасын түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Андай болбосо, билим берүүдөгү азыркы сапат ошол бойдон калат. Алдыга жылуу болбойт.
Экинчиден, өмүрүн мектепке арнаган, канча жыл иштесе да чын ниети менен балдардын татыктуу билим алуусуна жан үрөгөн директорлор да бар. Алар жетектеген мектептер өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин алдыңкы сабында туруп, окуучулары Олимпиадаларда жеңишке жетишүүдө. Эгерде чын дили менен иштеп жаткан директорду башка өз милдетин жетиштүү аткара албаган жетекчилердин катарында кызматынан алып койсо кандай болот? Анын эмгеги кайда калат? Бул менен кийинки директорлорго кандай стимул беребиз? "Кандай иштесем деле кызматтан алып коюшат турбайбы" деген күмөн саноо, өз милдетине кайдыгер болууга жол ачпайбызбы? Ошондуктан, министрлик бул маселеде шашпастан, баарын таразага салып, андан кийин гана кадам ташташы керек.