- Эрнест агай,  «Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» Жарлык чыкты. Бул Жарлык мамлекетке кайсы жагынан  пайда алып келет?

- Бул Жарлык дагы мезгилдин талабы. "Жашыл" деген эле азыркы модага кирген сөз болбосо эле. Өлкөнү санариптириш керек, бул жөн эле  автоматизация эмес. Бул биринчи - улуттук коопсуздук! 

Ушул убакка чейин соцтармактар аркылуу мамлекеттик түзүлүштү, башкаруу системасын кыйроо абалга алып келишти. Улуттук баалуулуктарыбызды (каада -салт, үрп -адат, нарк- насил, тарых, маданиятыбыз, мөңгүлөрүбүз, жерибиз ж.б) тебелетип, башкалардын идеологиясын сиңирдик, кыргыздыкын унуттук. Ошон үчүн өзүбүздүн көз карандысыз санарип системабыз болушу керек, соцтармактары менен, бирок башка соцтармактар менен интеграциялаштыруу кажет. Мындай система даяр. Физика-математика мектебин чогуу аяктаган классташ досторум бул системаны даярдашкан. Бирок мамкызматкерлер түшүнбөй, президентке киргизбей жатышат. Же чын эле түшүнүшпөйт же  ошол эле даяр санарип системасын жүз, миң эсе кымбат баалап президентке көрсөтүшөт. Бийликтин тегерегинде көз боемочулар толуп жүрөт.

Кыскасы, чыккан Жарлыктын бары жакшы,  эң маанилүүсү - кантип аткарышат? Санариптештирүү деп буга чейин да көп каражат сарпталды, кана натыйжасы?!