Айрым маалымат каражаттары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен атышканы тууралуу жазып чыгышкан. Буга байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирет:

"УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш чаралары жүргүзүлдү.

Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Ч.Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен  атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт".