Азыркы учурда өлкөбүздүн эки башкы аэропортторунун түркиялык компанияга убактылуу башкарууга берүүнүн айланасында бийлик менен оппозициянын ортосунда эки ача пикирлер айтылууда. Бийлик "Манас" жана "Ош" аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатат. Эгер оппозиция тарап мындай кадамга баруу менен бийлик чоң катачылык кетирип жатат десе, берки жактагылар кайра жакшы болорун айтышууда.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун  айтымында, объекттер чет элдик компанияга берилгенден кийин аэропорттун бардык инфраструктурасы оңдолот.

“Пайдасы абдан көп, аны билип-билбей эле кыйкырып чыгып жаткандар болуп жатпайбы. Биз деле эсептегенди билебиз. Биз деле Кыргызстан үчүн, кийинки муундардын келечеги үчүн күйүп-бышабыз. Мисалы, бүгүнкү күндө аэропортубузга күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштайт. Эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан, учактар конуп-уча беришет. Азыркы учуп-конуу тилкебизге кичине эле туман болсо учак коно албайт. Алматыга барып конуп жатышат. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат”, - деди Министрлери кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров аэропорттон түшкөн киреше эки эсеге көбөйөрүн да белгиледи.

“Бүгүн биз 100 пайыз өзүбүздүн үлүшүбүз менен жылына 4 миллиард сом пайда көрүп жатсак, эки жылдан кийин 50 пайыз үлүшүбүз менен эле 8 миллиард сом пайда көрө баштайбыз. Анткени эки аэропортубуз тең: “Манас” менен “Ош” хаб болуп иштей баштайт. Учактардын учуп-конуусу көбөйөт. Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз “эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер” деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. “Эгер эки жылда бүтпөсөңөр анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз” деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макулбуз деген пикирлерин билдирип жатышат. Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл деп жатабыз. Алар: “39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз”, деп жатышат. Тагыраагы, үстүнө пайда көрбөй калабыз деп жатышат. Кайсы инвестор кайсы тармакка инвестиция салбасын, эки-үч эселеп пайда көрүп кетүүнү самайт. Бардык эле инвесторлор ошондой. Ошол үчүн азыр биз дагы 29 жылга келишим түзсөк, алар салган инвестицияларынын үстүнө канча пайыз пайда табышарын санап, эсептеп жатабыз. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз”, - деди ал.

Булак: “Майдан. kg” гезити