2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык абамайданынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-июлунда «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуунун убактысы 2 саат.