- Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу аракети жүрүп жатканын билдирди.  Жалал –Абад экономикалык борбор боло алабы?         

- "А.Жапаровдун башы бурумдан көрүнүп-көрүнбөй, еврейлер дыр койуп качышат" деген тамашалуу кеп жөн жеринен чыкпаган. Бул кексе каржычы, экономиканын  миң бир дартынын миң бир шыпаасын  тарам-тарам болуп тоодон түшкөн суулардын  агымынын күрөө тамырындай кармап, ар биринин  өмүрүн, өлүмүн күн алдын билген  сейрек бир нускалардан. Жогорудагы сөзүн ал жөн эле айткан жери жок... Келерки жылы Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жолунун курулушу башталганы турат, түндүк-түштүк унаа жолу соңуна чыгып баратат, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталуунун алдында, оболку иштер жүрүп да кетти. Мына ушулардын баарынын  Жала- Абад облусунун аймагында экенин эске алсак, таразадагы таштын салмагы кай жакка ооп баратканын айттырбай түшүнсө да, билсе да болот. Ошон үчүн тогуз жолдун тоомуна айланган шаарды экономикалык борборго айлантууга башты кудум азыртан тоголотуу керектигин туйду жана  узун элдин учуна жеткирди. Эми жол дегенден кийин... түшүнөлү да... кайнаган турмуш мына ушул жолдо кайнайт, чаңын сапырат.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун (1924-жыл) эң биринчи борбор шаары Жалал-Абад (4 күн расмий турган) мына ушул  бир ирмемге да тынчыбаган дүбүрттүн  пайдубалындай.... бузулбас дубалы, устуну сымал кызмат кылаары барып турган иш. Бирок бир гана кыстырма бар: эгерде эле биз дале кайдыгерликке, боло берет деген кыялдарга алдырып, жең ичинен жемейликти күчөтүп ийсек, анда  кайнаган казаандан таш жутабыз болгону...