Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу аракети жүрүп жатканын билдирди.  

"Электр генерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад аркылуу өтөөрүн, жакында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу түшөөрүн эске алуу менен биз экинчи экономикалык борборду Жалал-Абад шаарына куруп баштоону сунуштап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.  

Медиаэксперт Сонунбүбү Кадырованын айтымында, Жалал-Абад илгертеден бери Кыргызстанды экономикалык жактан көтөрүп турган аймак. 

- Жалал- Абад байыртан эле урунду жерде болуп, экономикалык жактан Кыргызстанды көтөрүп турган. Кийин поезд каттабай, Бек-Абад кошуналарга берилип, тияк-бияктагы байланыштар чектелип калгандыктан куну учуп кетти. Эми кайрадан мурдагы калыбына келсе, темир жол станция ишке кирсе, кара жол байланышы жалганса эң чоң соода борборуна айланаары шексиз. Дыйканчылык калыбына келип жүзүм талаалары калыбына келсе, Өзбекстан менен байланыш кайрадан жанданса, эң эле жакшы иш болгону турат. Акылбек мырза ушул мүмкүнчүлүктөрдөн улам ишеничтүү айтып жатат деп ойлойм. Өндүрүлгөн продукцияны чийки бойдон чыгарбай, кайра иштетүүчү заводдорду курсак өлкөбүздүн экономикасына өтө чоң пайда келет. Мен ишенем, Акылбек мырза баарын алдын ала көрүп, билип тургандыгы үчүн айтып жатат.

Биз болгону ар бир сунушту колдоп-коштоп, жакшы ниет менен кабыл алып, жолун тоспой, ак жол каалап турсак жакшы иштер боло берет. Колдогонду, ар бир демилгеден жакшы нерсени көргөндү үйрөнүшүбүз керек.