Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бала бакчаларды жана мектептин башталгыч класстарын бир гана кыргыз тилинде жүргүзүү керек деп эсептейт.
"Бала бакча жана баштапкы билим ( 1-4 класстар) тек гана кыргыз тилинде болушу керек! Мыйзам чегинде!
5-класстан соң "каалаган тилиңде окута бер" деш керек! Ушуну ишке ашыра алсак, анда мамлекеттик тил акыры өз ордуна ээ болду деп айтууга шарт түзүлөт эле. 5-класска чейин тек гана кыргыз тилинде окуган бала андан ары да кыргыз тилин унутпайт, көрөңгөсү пайда болуп калат! Мамчиновниктерди кыргызча сүйлөтүү, иш кагаздарды кыргызча жүргүзүү албетте маанилүү! Бирок булакты башынан тазалаш керек! Ошондо дарыя да таза болот!" - деди Алмазбек Акматалиев.