Жакында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу аракети жүрүп жатканын билдирди.
"Электр генерациясынын үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад аркылуу өтөөрүн, жакында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу түшөөрүн эске алуу менен биз экинчи экономикалык борборду Жалал-Абад шаарына куруп баштоону сунуштап жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев экинчи борборду жаратууга кошумча каражат талап кылынат деп эсептейт.
- Жалал-Абад шаарынын экинчи экономикалык борбор болуусу – бул келечектин маселеси. Андай болушу толук мүмкүн. Ал эми азыркы учурда мамлекетибиздин экинчи экономикалык борбору болуп Ош шаары эсептелиши керек. Ал жерде жарым миллион эл жашайт жана шаардын экономикалык дарамети аябай күчтүү. Кошумча каражат гана талап кылынат, - деди Жамин Акималиев.