Ачыгын айталы, Министрлер кабинетинин бүгүнкү күндөгү иш-аракеттери жаман эмес. Бюджеттин киреше булагын көбөйтүү менен бирге экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болчу ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылууда. Эгерде белгиленген, пландалган долбоорлор ишке ашса, алар сөзсүз түрдө экономиканын өсүүсүнө, элдин социалдык-экономикалык абалынын жакшыруусуна оң таасирин тийгизбей койбойт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аз күн мурда Жогорку Кеңештеги сөзүндө Жалал-Абад шаарын  Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн экинчи таяныч түйүнүнө айландыруу боюнча долбоор ишке ашырылып, бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Чыны менен колдоого аларлык чечим. Мындай чечимдин бир жагынан мыйзам ченемдүүлүгүн, күтүүсүз болбогонун айта кетели. Анткени, кезинде, 20-кылымдын башында  Жалал-Абад шаарын Кыргызстандын борборуна айландыруу боюнча ниеттер да болгон. Себеби, Жалал-Абад аймагынын экономикалык, инфраструктуралык потенциалы чоң. Акылбек Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, ГЭСтердин үчтөн эки бөлүгү Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Демек, аймакта өндүрүштү, өнөр-жайды өнүктүрүүгө толук шарттар бар.

Албетте, экинчи «Жалал-Абад – Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн  экинчи таяныч түйүнү» деп атап коюу менен маселе чечилбейт. Ал үчүн көптөгөн иштер аткарылышы керек. Атап айтканда, эң ириде логистикалык борборлорду куруу зарыл. Облустун аймагына ири инвестициялар тартылып, экономикага салым кошуп, элди жумуш менен камсыз кылчу өндүрүш объекттерин куруу кажет. Ошону менен бирге Жалал-Абаддын Ысык-Көлдөн кийинки эле зор туристтик потенциалын экономикалык өнүгүү үчүн пайдаланууга толук мүмкүн. Сары-Челек көлү, Арстанбаб жаңгак токою, Падыша-Ата коругу ж.б. туристтерди кызыктырчу жайлар жетишерлик.

Мындан сырткары, өлкөнүн түштүк аймагынан Бишкекке келчү жолдордун баары Жалал-Абад шаары  аркылуу өтөт. Жаңы курулуп жаткан альтернативалык жол да өлкөнүн түндүгү менен Жалал-Абадды бириктирет. Келерки жылы курулушу башталганы жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Торугарт-Кара-Кече-Жалал-Абад аркылуу өткөнү турат. Бул өңүттөн алганда, Жалал-Абад шаары келечекте тогуз жолдун тоому болуп,  экспорт менен импорттун, транзиттин борборуна айланганы турат. Мындай жагдай өлкөнүн түштүк аймагынын өнүгүүсүнө жаңы дем, жаңы түрткү берип, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын экономикалык абалдарын жакшыртууга жол ачат. Башкысы, Министрлер кабинетинин  келечекти мерчемдеген долбоору ишке ашпай калган көптөгөн долбоорлордун бири болбой,  ишке ашырылса дегибиз келет.