- Турсунбек агай, көпчүлүктүн көңүлүн бурган казинолор боюнча мыйзамды элдин талкуусу жок өткөрдү деп нааразы болгондор чыга баштады. Мындай маселелер элдин талкуусу менен чечилиши керекпи же депутаттар эле чечип койгону туура болдубу?
- Казино болобу башка маселе болобу же башка маселе болобу, баарын элдин талкуусуна коё берген анча туура болбой калат. Анткени, эл деген эл. Эл арасында түрдүү пикирлер айтылат. Бири колдосо, бири каршы чыгат. "Элдин маселесин парламентте коргосун" деп эл депутаттарды шайлаган. Шайланган 90 депутат элдин атынан сүйлөп, мына ушундай жагдайларда чечим кабыл алышат. Ошон үчүн бул маселени парламентте депутаттар чечкени туура болду деген пикирдемин. Анткени, бул маселени чечүү парламенттин ыйгарым укугуна кирет.
- Азыркы бийлик казинону бюджетти толтуруу үчүн аргасыздан ачалы деп жатабы же кимдир бирөөлөр жеңил табылган акча менен оңой олжого ээ болгусу келүүдөбү?
- Менимче, азыркы бийлик казинолорду аргасыздан ачалы деп жатат. Негизи Садыр Жапаров башында турган бийлик ыйман жолунда жүргөн адамдардан куралган. Булар казинодон пайда таап, капчыгыбызды кампайтып, оңой олжого туйтуналы деп жатышкан жери жок. Бюджетти толтуруп, элге пенсия, пособие, студенттерге стипендия бериш керек деген маселени чечиш үчүн казинолорду ачууга аргасыз болуп жатышат. 2011-жылы бюджетке казинодон 500 миллиондон ашык каражат түшүп жатканда "Казинону жаппай эле, арам акчаны адалдап, казынага түшүрүш керек", - дегем. Ошондо дагы мени сындагандар да болгон. 11 жылдан кийин мен айткан нерсе ишке ашканы жатат.
- Бирок, өкмөт казино боюнча мыйзамды депутаттарды күч менен колдотту дегендей ойду айтып, бул мыйзамга караманча-каршы чыгып жаткан депутаттар да болуп жатат го?
- Туура казино маселесине каршы чыккан депутаттар да бар. Баарынан кызыгы, казиного башынан берилген, далай жолу утулуп, даалай жолу уткан, казино менен оокат кылган, жаман атты болгон, "Бүтүн Кыргызстандан” депутат болуп шайланган адам казиного каршы чыгып, ачылбаш керек деп сүйлөп, эл арасында упай топтоого далалат жасап жатат. Чынында ал кайсыл депутат экенин эл жакшы билет. Эгер Адахан Мадумаров айткандай казино арам болсо, эмне үчүн кумар оюндарына берилген адамды "сен жамансың, сен тапкан акча арам" дебей партиясына кошуп алды?
- Мүмкүн ал тууралуу Мадумаров билбеген чыгаар?
- Өмүр бою депутат болуп жүргөн, казинодон чыкпаган адамды Адахан эмес, Адахандан башкалар да билет. Эгер казино арам болсо, аны менен шугулданган адамды жанына кошуп алып, элге агитация кылып, парламентке алып келбейт эле да. Казинодон табылган акчаны шайлоого жумшабайт болчу. Баарынан кызыгы, казино ойногон кумарпоз депутат азыр казиного каршы чыгып, сүйлөп жатат. Бул жагы адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр дегендей болуп калды. Элдин колдоосуна ээ болом деп, былыгы чыгып, бети сыйрылып жатса деле эл алдында кооз сүйлөй бербей популизмдин дагы чеги болушу керек да.
Мадумаров кыйын болсо, "Бизде да кемчилик кеткен, биздин партияда дагы ошондой казинодо ойногон кумарпоздор депутатыбыз бар. Ошондой болсо да партияга мүчө кылып алганбыз", - деп анчалык эле чынчыл болсо айтып койбойбу.