24-июнда Омбудсмен Атыр Абдрахматова президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге президенттик Аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен улам, анын мындан ары камакта кармалышынын негиздүүлүгүн тез арада карап чыгуунун зарылчылыгын айтып кайрылды.
Андагы маалыматка ылайык, соттолуучу Ф. Ниязовдун өкүлдөрү жана тарапкерлери анын ден соолугу начарлап бараткандыгын бир нече ирет билдиришкен. Ф. Ниязовдун тарапкерлери М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун врачтары 2021-жылы 3-мартта жана 2022-жылы 3-мартта жасаган консилиумга ылайык, ага өтө жогорку тобокелчиликтеги III даражадагы гипертония деген диагнозунун көчүрмөсүн көрсөтүшкөн. Бул өтө олуттуу оору болуп эсептелет. Ошондой эле илдет күч алып жаткандыгына тынчсызданышууда.
Ф. Ниязовго коюлган ооруусунун бул диагнозу Өкмөттүн 20-июндагы №296 токтомунда белгиленген «Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого мүмкүн болбогон оор ооруулардын тизмесине» кириши мүмкүн.
Акыйкатчы УКМКнын ТИЗОсундагы эки адамдын өлүмүнөн кийин баардык мамлекеттик мекемелер жарандарды абакка камоодо улуттук мыйзамдуулукту жана адам укугу жана эркиндиги тууралуу таанылган эл аралык кепилдиктерди бекем аткарышы керектигин эскерткен.
Албетте, биз деле Ф. Ниязовдун тез арада сакайып, сот жоопкерчилигинен кутулуп кетишин каалайбыз. Бирок ал өзү деле далай кыргыз жигиттеринин жок жерден түрмөгө камалып, тагдырыны талкалаган бийликтин башында турбады беле...