Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземине арналган салтанаттуу иш чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган министрлик бул боюнча чыгарган буйругунда кечинде жана түндө мектеп аймагында, көңүл ачуучу жайларда жана башка жайларда кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган. 

 Жалпы билим берүү мекемелеринин аймактарында мектеп окуучуларынын эреже бузуусунун алдын албаган жана коопсуздук чараларын көрбөгөн, ошондой эле, акча каражаттарын чогултууга жол берген мектеп директорлоруна, класс жетекчилерине жана мугалимдерге ээлеген кызматынан бошотууга чейин чара көрүлөт.