Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев билдирди.
«Биздин министр таарынбасын. Биз деле убагында «сапаты» жок эле сапатту билим алып чыкканбыз. «Гулени» жок эле гүлдөгөн заманда зор окумуштуулар, илимпоздор чыккан. Силер мактап, алкап жетине албай жаткан Ч.Айтматов деле биздин Айыл Чарба институтунда окуган. Мектептерде эмес ЖОЖдордо динди туура түшүнүш үчүн Религиоведение деген атайын курсту бизге Акимбаев деген агайыбыз окуткан.
Боекчу боекчу десе сакалын боейт болбой муруту жок сакалчан (Пакистан тараптан келгендер), дамбалчандар Аравиядан келгендерден коркуп кетпей, Кыргызстандан билим деңгээли артта калган, элинин көпчүлүгү кат тааныбаган караңгы өлкөлөрдүн эмиссарларынын заказын аткарбай алдыңарга карап иш кылсаңар боло.
Мектепке дин таануу сабагын киргизүү Конституцияга туура келбесин неге билбейсиңер. 50 жылдан бери Евросоюзга силер мусулмансыңар, түрксүңөр деп кодулап, басмырлап койгон Түркиянын президенти Эрдоган айласы жок Евразияга бурулганын эмнеге түшүнбөйсүңөр. Эрдоган диндешкиле деген жок. Алдыга умтулгула, жемиңерди жедирбегиле түрк насилдүү туугандар деп жатат.
Мектепке көп тийишпесеңерчи. «Баччагынар» чыгып калат. Жоголгон муун кайра туура жолун таап келе жатат. Жаркыраган жаңы муун келе жатат. Силер сунуштаган караңгы түндөр жаркыраган жарык күн менен алмашаар маалы келе жатат. Алдыда чоң бурулуштар болот. Кыргыздар Ак үйүн өрттөгөндөн да жаман кылат», — деди Сарыбаев.
Булак: argument.kg