Депутат Шайлообек Атазов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн ата-энесинин коштоосунда гана чыгаруу сунушун жолдоду.
"Миграцияда абдан маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарды өлкөдөн ата-энесинин коштоосунда гана чыгарсак же турмушка чыккандан кийин гана чыгышса. Бул боюнча Миграция боюнча кызмат маалымат беришсин", - деди депутат.