Башкы прокуратура тарабынан КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга шектелип кармалышы чак түштөгү чагылгандай эле болду. Анткени ал буга чейин “коррупцияга каршы күрөшүп атам”- деген жүйө менен бир нече медициналык борборлорду жаап же кошуп, көптөгөн белгилүү дарыгерлерди жумушунан алып, ал тургай кемсинткенге чейин барбадыбы.

Көрсө, экс-министр кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте президенттин “Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштуруу менен алектенип жүргөн экен. Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстандан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылган. Ошондой эле Кытайдын жана Орусиянын башчылары менен кошумча 6 млн. дозадан ашык вакцинаны акысыз берүү сүйлөшүлгөн. Бирок А.Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон.

 Натыйжада, гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар экенине карабастан, кызмат адамдары өз кызыкчылыгы үчүн 2 млн. 460 миң доза вакцинаны ашыкча сатып алгандыктан, алардын сактоо мөөнөтү эскирип, 243 миң 223 доза керектен чыккан. Мындан улам мамлекетке 1 млрд. 581 млн. сом зыян келтирилген. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон.

Булак: “Майдан. kg” гезити