Акыркы мезгилде өлкөбүздүн айрыкча түштүк аймагында акчалуу адамдарды куралчан белгисиз бир топ чак түштө эле тоноп, кадимки Сицилиядагыдай атып кеткен учурлар көп катталууда. Ошондой криминалдуу окуя ушул жекшемби күнү Ноокат районунда катталды. Кылмышкерлер эки адамды бутуна атып, 30 жаштагы адамдын ири суммадагы акчасын уурдап кетишкен.

Учурда каракчылык кылгандарды издөө боюнча “Чагылган” атайын операциясы уланууда. Окуя 5-июнда Ноокат шаарынын эл адаттагыдай жык-жыйма жүргөн көчөлөрүнүн биринде болгон, “Нексия” машинасын айдап жүргөн үч киши 30 жаштагы жергиликтүү тургунга кол салып, 60 миллион өзбек суму (кыргыз сомуна которгондо 450 миң сом) салынган баштыгын карактап алып кетишкен: Милициянын маалыматы боюнча, шектүүлөрдүн тышкы келбети, көрүнүшү тууралуу жалпы республика боюнча укук тартибин коргоо органдарына атайын багыттама жөнөтүлгөн. Каракчылык кылган учурда кийип жүргөн кийимдери табылды. Азыр өздөрүн табуу боюнча иштер жүрүп жатат. Акчасын алдырган киши менен кошо ошол учурда жолдо “Тойота” машинасында өзүнчө кетип бараткан дагы бир киши жабыркаган. Кылмышкерлер экөөнө тең бутуна атып, качып кетишкен. Алардын абалы жакшы, дарыгерлер операция жасап, окторду алышты. Бул каракчылык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Эми укук коргоо органдары бул кылмыштын бетин ачып, куралчан каракчыларды сөзсүз колго түшүрүшү керек. Антпесе алар эртең эле дагы бир байкушту чак түштө элдин көзүнчө эле атып, акчасын тоноп кетиши мүмкүн.

Булак: “Майдан. kg” гезити