Өткөн жумада, 3-июнда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирип келишип, биздин жоокерлердин чыгып кетүү тууралуу эскертүүсүнө карабай ок менен жооп берди. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталган. Тажик тарап миномет колдонгон. Натыйжада эки кыргыз жоокери жарадар болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик жоокерлери Баткен районунун аймагындагы жайлоону ээлеп алгысы келишкен. Бирок алар чек ара аймагына ошол замат эле тартып келген оор техникаларын тоо шартындагы жайлоого чыгара алышкан эмес.

Демек, алар адаттагыдай эле өздөрү тийиштик кылып, согуш ачуу аракетин көрүшүүдө. Бул арада эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялары байма-бай жолуккан менен эч кандай майнап чыкпай келет. Ошондуктан кыргыз-тажик чек ара чатагына Россия ортого түшпөсө, маселе чечилчүдөй эмес. Россия менен ЖККУ кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак болуп жаткан аймакка аскердик байкоочуларды жөнөтүү менен демаркациялоо маселесин чечүүгө жардам бере ала тургандыгын Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович билдирди.

Эксперт кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга комментарий берип, мамлекеттер чек араны тез арада демаркациялоосу керектигин айтты. Мендкович өлкөлөр үчүн совет доорунда эле жүргүзүлгөн “чектеп бөлүү сызыгын биротоло аныктоо” маанилүү экенин, алар үчүн эксклав, анклавдар көйгөйү жана жергиликтүү тургундардын ар кандай объектилерди пайдалануу боюнча талаш-тартыштары бар экенин айтты. “Кризисти мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн Россия менен ЖККУнун жардамы модератор катары да, жаңжал болгон аймакка аскердик байкоочуларды жөнөтүү аркылуу да абдан пайдалуу болмок деп ойлойм”, - деди Мендкович. Россия тарап мындай сунуш менен мурда да кайрылган. Бирок Тажикстандын президенти Э.Рахмон баш тартып койгон. Себеби Россия аралашканда, тажик тарап утулуп каларын жакшы билет. Андыктан эми кыргыз бийлиги ортого Россияны аралаштырбаса, биз убакыт өткөн сайын утулуп баратабыз...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити