Бул билдирүү анын Instagram баракчасына жарыяланды.

"Бизди аквапаркта куткаруучулар жана эки ата-эне болот деп ишендиришкен. Мен мектепке жана куткаруучуларга ишенгем. Бирок балам сууга чөгүп кетти, дароо тез жардам чакырышкан жок, ал 15 мүнөттөн кийин келди, мен азыр баламсыз кантем эми, анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Бир айдан соң 10 жашка чыкмак... Туура маалымат жазгылачы. Каргашалуу окуя учурунда мен уулумдун жанында болгон эмесмин, калпты жазбагыла", - деп айтылат текстте.

Буга чейин "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектептин 3-классынын окуучусу чөгүп кеткени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg