Анкарада "Манастын уулу Семетей" тасмасынын жабык көрсөтүүсү уюштурулду. Ага Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчин Топчу,  парламент депутаты, Түрк-кыргыз достук коомунун жетекчиси Сабри Өзтүрк, "Түрк фильмлери" синема жетекчилери Фиаб Ахмет, Өнер Кылыч, ТРТ -Авас теле каналынан башкы директору Седат Сагыркайа, эл аралык эң популярдуу интернет платформанын Турция жана Азия бөлүмүнүн директору Пелин Мавили жана түрк жазуучулары, тарыхчылары, илимпоздору катышып, кыргыз киносуна жогору баа беришти.
Тасманын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков Түркиянын кино театрлар тармактарынын, интернет платформаларынын жана теле каналдарынын жетекчилери менен "Манастын уулу Семетей" тасмасын Түркия коомчулугуна кеңири таратуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Кыргыздын "Манастын уулу Семетей" тссмасы Туркия жетекчилерине жана кино адистерине көрсөтүлүшүн Түрк массалык маалымат каражаттары кеңири чагылдырышты.

Алдыда ушундай жабык көрсөтүүлөр Москвада,  Делиде, Пекинде уюштурулаарын,  тасма буйруса болжолу август айында бардык өлкөлөрдө бир мезгилде коомчулукка тартууланаарын жарыялады.