Революциялык комитеттин 1924-жылдын 12-нобярындагы токтомуна ылайык, облустун биринчи убактылуу административдик борбору Ташкент болгон. Кийинчерээк облустун борбор калаасына бир нече калктуу пунктар сунушталган. Алар – Жалал-Абад, Кочкор, Пишпек, Беловодск жана Ош. Жыйынтыгында, Түркистан борбордук комитетинин катчысы Жусуп Абдрахманов Жалал-Абад шаарына токтолгон. Облустук ревком Жалал-Абад шаарын борбор катары тааныган, а Ташкент  болуп облустук ревкомду, парткомду жана башка Кара-Кыргыз автономиялык облусунун мекемелерин  Жалал-Абадга  көчүрүүгө ылайыктуу имараттарды куруу аягына чыкканга чейин облустун административдик борбору болуп турмак.

Ноябрдын башталышында Ташкентте жайгашып турган облустук ревком жогорку жактан облустук аппаратты Жалал-Абад шаарына жайгаштыруу үчүн имараттарды курууга каражат сураган, бирок сметаны бекитишкен эмес. Облустук ревком “Жалал-Абадда зарыл имараттар курулганга чейин облустук уюмдарды Ош шаарына жайгаштыруу” боюнча чечим кабыл алган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 1925-жылдын 21-25-мартында өткөн биринчи партиялык конференциясында борбор калааны Жалал-Абад шаарына көчүрүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Ошондо Борбордук комитеттин катчысы М.Каменский: “Азыр облустун борбор калаасын Жалал-Абадга которолу деген болбойт. Мындай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жолдош ферганалыктар, менин айтканыма кошулушу керек, маданий борбор, чарбалык жашоонун борбору түзүлгөнгө чейин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борбор калаасы Пишпек болсун”, - деген.

1924-жылдын ноябрында РКПнын Ортоазиялык бюросу облустун убактылуу борбор калаасы катары Пишпекти бекитишкен. А облустун ревкому 1924-жылдын 25-ноябрында облустук административдик мекемелерди Пишпек шаарына көчүрүү боюнча чечим кабыл алат.

Абийир Темирбек

 Сүрөттө: ХХ  кылымдын башындагы Жалал-Абад жана Пишпек шаарларындагы базарлар