Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Кыргызстандын ар бир аймагында аскер коллеждерин ачууну Жогорку Кеңештин соиалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында сунуштады.
"Бардык орун басарларга иш сапары учурунда мектептердеги патриоттук даярдык предметинин жүрүшүн текшерүү тапшырылды. Биз Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте патриотизмди мурдагы деңгээлине келтирүүнү каалайбыз. Азыр 10-11-класстын окуучулары көзөмөлсүз калып жатышат. Башка өлкөлөрдө эле эмес, бизде деле сватика менен сейилдеген жаштар бар. Эгер жаштар көңүл буруусуз калса, анда алар же фашизмге же экстремизге барышат", - деди Бекболотов.
Эске салсак, аталган комитет "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн жана эмгек тылынын ардагерлери тууралуу" мыйзам долбоорун карап жатышат.