COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка бир катар жетекчилер шектелген болчу. Алардын бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 4-июнда аныктады.
Ага ылайык, саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 2-августка чейин, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова ошол эле абакка 2-июлга чейин камалды. Ал эми министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков үй камагына алынды.
Үч жетекчи 2-июнда укук коргоо кызматы тарабынан кармалган.