«Үмүт шамы» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Бала жылмайса, аалам жылмаят» кайрымдуулук концертин өткөрүүгө «Манас» эл аралык аэропорту» ААК жардам көрсөттү.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 2022-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусу менен кайрымдуулук концерти болуп өттү.
«МЭА» АКнын кызматкерлери концерттик иш-чарага келишти. «МЭА» ААКнын Башкы директорунун орун басары А.Б.Бусурманкулов балдарды майрамы менен куттуктап, талыкпай окууларын каалады. Ал ошондой эле фонддун жамаатын 11 жылдык мааракеси менен куттуктап, ыраазычылык катын тапшырды.
«11 жылдан бери сиздер абдан маанилүү иштерди аткарып келе жатасыздар. «Үмүт шамы» фонду менен дос болуп, 6 жылдан бери кайрымдуулук долбоорлорун колдоп келе жатканыбызга кубанычтабыз», - деди ал.
Маалымат катары:
«Үмүт шамы» коомдук фонду 2011-жылдан бери иштеп келе жатат жана коом республика боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (МЧА) социалдык колдоо көрсөтүп келет.
- Категория: Коом
- Просмотров: 94
«Манас» эл аралык аэропорту» «Бала жылмайса, аалам жылмаят» аттуу концерттин өтүшүнө кайрымдуулук жардам көрсөттү