Бул видеонун жаралганына көп жыл болду. Ал учур Курманбек Бакиевдин бийликте турган кези. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы болуп иштеп турган. Ал эми Бакиевдердин ишенимине кирип, жооптуу кызматтарды ээлегенге жетишкен Адахан Мадумаров алардын жакшылыгына күбө болуп жатат. 

Чакырган жерге баруу, жакшылыкка катышуу кыргыздын салты экени анык. Анын барып, куттуктоо сөз сүйлөп, Бакиевдердин бирин калтырбай мактап-жактаганы эч нерсе эмес, жашоодо мындай көрүнүштөр жүздөп, миңдеп саналат деп коелу. Бирок 2010-жылдагы революцияда Бакиевдер качып кеткенден кийин Адахан Мадумаров аларды так кесе унутуп койду. Бакиевдердин жанында жүргөндөрдүн кээ бирлери алардын аты жаманатты болуп, көпчүлүктүн жек көрүүсүнө ээ болуп турган кезде дагы адамдыгынан тайбай, калыс сөзүн айтып турушту. Ал эми Мадумаров алардын мындан ары пайда жоктугун түшүнөөр замат өз оокаты менен алектенип, бир убактарда Бакиев бийлигинин эрке баласы болгонун унутуп калды. 

Кайсы жерде Адахан Мадумаров болсо, ошол жерде "песня года продолжается"...