Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтой элек. Тажикстан аскердик оор техникаларын чек ара чийинине алып келүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады. 

Аталган кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетүүсүнүн алдын алуучу бардык чараларды көрүп жатат.