Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануужана билип туруп пайдасыз келишим түзүү боюнча ачылган.

Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.